Кыргызстан орусиялык С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин алды. Бул тууралуу КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Имонкулов «Известия» гезитине берген маегинде билдирди.
"Бизде Абадан коргонуунун Бирдиктүү системасы бар. Азыр бул биргелешкен системанын элементтерин алдык, С-300. Алар буга чейин Кыргызстандын аймагына алынып келинген", — деди Имонкулов.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымында, бул ракеталар жайгашкан комплексти үстүбүздөгү жылдын 8-майында өлкөнүн борбору Бишкекте Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарада көрүүгө болот.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Кыргызстанда өтүүчү параддык машыгууларда С-300ПС жана Тор-М2КМ зениттик-ракеталык комплекстери, ошондой эле Беларустан сатылып алынган жана модернизацияланган С-125-2БМ абадан коргонуу системалары көрсөтүлөрүн жазып чыгышкан.
Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстанга С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин жеткирүү боюнча макулдашуу республиканын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылы Россияга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген. 2023-жылдын ноябрында Бирдиктүү региондук абадан коргонуу системасын түзүү боюнча келишим күчүнө кирген. Документке ылайык, Бирдиктүү аймактык Абадан коргонуу системасынын аскерлеринин жамааттык коопсуздук зонасында аракеттерин координациялоону Орусия, ал эми бул аракеттерди Кыргызстан жетектейт.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!