Казакстандын президенти Касим-Жомарт Токаев өкмөткө атомдук электр станцияларын курууну тездетүүнү тапшырып, жакын арада мындай типтеги электр станцияларынын саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.
Сүрөт: akorda.kz
Президент Касим-Жомарт Токаев Казакстан атомдук энергетикасы өнүккөн өлкө болуу үчүн бир нече атомдук электр станцияларын курууну тездетүү керектигин айтты, деп билдирди Окорданын басма сөз кызматы.
«Атомдук электр станцияларын курууну тездетүү керек. Мен интервьюда айткандай, эки, балким дагы үч чоң станция курабыз. Биз Казакстанды өзөктүк энергетикасы өнүккөн, жасалма интеллекти жана санариптештирүү толук иштеген өлкөгө айландырышыбыз керек», - деди Токаев Астанадагы долбоордун кеңсесине жасаган иш сапарынын алкагында.
Презентациялар менен таанышкандан кийин Казакстандын президенти өкмөт мүчөлөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу натыйжаларды алып келе турган иш-аракеттерге басым жасоосу керектигин баса белгиледи.
Буга чейин «Aна тили» гезитине берген маегинде Токаев Казакстанга ири атомдук электр станциясы керек экенин билдирген. Ал жакын арада экинчи, балким үчүнчү атомдук электр станциясынын курулушу башталарын четке каккан жок.
Казакстанда 2024-жылдын 6-октябрында АЭСти куруу боюнча референдум өткөн. Катышуучулардын 71,12% республика үчүн бул типтеги электр станциясынын зарылдыгын колдоп добуш беришти.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!