Кечээ, 30-майда Казакстандын Атырау облусунун Кулсары шаарындагы май куюучу жайда жарылуу болду. Эки адам каза болуп, 14 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Бул тууралуу Nur.kz кабар берди
Атырау облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча, жарылуудан жакын жердеги үйлөр да күйүп кеткен. Өрт саат 20:15те чектөөгө алынып, саат 21:47де толугу менен өчүрүлгөн.
Окуя боюнча облус губернатору Серик Шапкенов чукул штаб өткөрдү. Ал Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына бардык күчтөрдү мобилизациялоо жана өрттү жоюу, анын кесепеттерин азайтуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасын берди.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!