Самидин кары Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол коюп, жамаатка тааныштырды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келген.
Самидин Атабаев 1973-жылы Өзгөндө туулган. Ал Кыргызстанда жана Россияда диний жана юридикалык билим алып, ар кайсы диний мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Буга чейин Бишкек, Ош, Ысык-Көл казылыктарын жетектеген. Араб, түрк жана орус тилдерин билет.
Буга чейин Ош шаарынын казысы Мирлан Токтомушев коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!