Zamanbap.NetЖаңылыктарАш-Шара Түркияга дагы барды
Жаңылыктар

Аш-Шара Түркияга дагы барды

  • 24-05-2025, 22:10
  • 275

   24-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы Долмабахче сарайында Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шара (Абу Мухаммад аль-Жолани) менен жолугушту. Бул тууралуу “Айдынлик” гезити “Aydinlik” гезити жазып чыкты.

Маалым болгондой, Түркиянын президенти Эрдоган конокту расмий жана салтанаттуу азем менен тосуп алды. Бул ири дипломатиялык жолугушуу аймактык мамилелердин жакшырышы катары белгиленди.

Жыйын жабык эшик артында, басма сөз өкүлдөрүнүн катышуусуз өттү.

Жыйынга Түркиядан тышкы иштер министри Хакан Фидан, коргоо министри Яшар Гүлер, Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын жана коргоо өнөр жайынын төрагасы Халук Горгун катышты.

Сирия тараптан тышкы иштер министри Асад аш-Шибани жана башка тиешелүү расмий адамдар катышты.

Жолугушуунун негизги мазмуну жана чоо-жайы азырынча ачык айтыла элек.

Эске салсак, 2024-жылы декабрда Сирияда бийликке келген Ахмед аш-Шара үстүбүздөгү жылдын 29-январында өлкөнүн өткөөл президенти болуп жарыяланган. 2-февралда ал Сауд Арабияга биринчи чет элдик сапарын жасады. Бул сапардын алкагында Эр-Риядда Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы жана премьер-министри Мухаммед бин Салман Аль Сауд менен жолугушту. Ал 3-февралда Меккеде умра зыяратына барды. Ага Каабанын эшиктери да ачылды. Аш-Шаранын экинчи чет элдик сапары Түркияга болгон. Аль-Шара Эрдоганга сүйлөшүүлөрдөгү позитивдүү атмосфера үчүн ыраазычылык билдирип, Түркиянын президентин мүмкүн болушунча тезирээк Сирияга барууга чакырды. Кошумчалай кетсек, аль-Шара 11-апрелде Түркиянын Анталия шаарында Анталья дипломатия форумунун (ADF 2025) алкагында президент Режеп Тайып Эрдоган менен да жолугушту.

7-майда Сириянын жаңы убактылуу лидери биринчи европалык сапарын Франциядан баштап, өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон менен эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө багытталган жолугушуу өткөрдү. 14-майда АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабияга жасаган иш сапарынын алкагында Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шара менен жолугуп, ага Израилди таануу жана Ибрахим келишимдерине кошулуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылган.  Кошумчалай кетсек, 14-майда Эр-Риядда Түркия, АКШ, Сауд Арабия жана Сириянын лидерлеринин катышуусунда онлайн төрт тараптуу диалог уюштурулган.




Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!

zamanbap.net Негизги zamanbap.net Жаңылыктар zamanbap.net Байланыш zamanbap.net Телеграм