Zamanbap.NetЖаңылыктарСадыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан-Россия достук паркында болду
Жаңылыктар

Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан-Россия достук паркында болду

  • 12-05-2025, 22:59
  • 364

    12-майда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, Кыргызстан-Орусия достук паркында болду. Иш сапардын жүрүшүндө ал парктын жашылдандырылган аймактарын жана эс алуу жайларын көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Президент алардын ой-пикирин жана каалоо-тилектерин угуп, шаар тургундары менен бирге сүрөткө түштү. Жапаров шаардагы тазалык жана тартип үчүн ар бир жарандын жоопкерчилиги маанилүү экенин белгилеп, жергиликтүү бийликти жана шаар тургундарын бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.




Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!

zamanbap.net Негизги zamanbap.net Жаңылыктар zamanbap.net Байланыш zamanbap.net Телеграм