Zamanbap.NetЖаңылыктарОоганстанда шахматка тыюу салынды
Жаңылыктар

Ооганстанда шахматка тыюу салынды

  • 12-05-2025, 22:11
  • 240

    Ооганстанда шахматка тыюу салынган. Бул тууралуу "Талибандын" убактылуу өкмөтүнүн адептүүлүктү жайылтуу жана алдын алуу министрлиги билдирди

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9-майында шахмат коомчулугунун өкүлдөрү спорт башкармалыгына кайрылып, клубдун ишмердүүлүгүн улантып, мелдештерди өткөрүп, расмий колдоо көрсөтүүнү суранышкан. Жооп терс болду – шахмат эмирдин жарлыгы менен тыюу салынып, федерациянын иштөөгө укугу жок деп жарыяланды.

Спорт департаментинин өкүлү Атал Машванинин айтымында, шахмат талибдердин 2024-жылы кабыл алган «Адептуулукту жайылтуу жана бузукулуктун алдын алуу» мыйзамына ылайык тыюу салынган кумар оюндарынын катарына кирет.

Талибан бийликке келгенден кийин да федерация ишмердүүлүгүн улантып, шахматты эркектерге жана аялдарга үйрөтүп, өлкө боюнча турнирлерди өткөрүп келген. Азыр жергиликтүү шахматчылар спорттун бул түрү толугу менен кризиске кептелгенин айтышууда.




Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!

zamanbap.net Негизги zamanbap.net Жаңылыктар zamanbap.net Байланыш zamanbap.net Телеграм