Орусия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө ашыкча талаптарды коюуда. Бул тууралуу 7-майда Вашингтондо коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясы уюштурган форумда АКШнын вице-президенти Жеймс Дэвид Вэнс билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн кийинки кадамы Москва менен Киевдин түз байланышы болушу керек.
"Мен орустар келишимге кызыкдар эмес деп айтпайм. Мен айтаар элем, учурда орустар жаңжалды токтотуу үчүн белгилүү бир талаптарды, белгилүү бир концессияларды коюп жатышат. Биз алар көп нерсени сурап жатат деп ойлойбуз, түшүндүңүзбү?" деп айтты АКШнын вице-президенти.
Вэнстин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамптын жетишкендиктеринин бири - ал Орусияны жаңжалды жөнгө салуу шарттарын айтууга мажбурлаган. Ага чейин Орусия эч нерсе дебей согуш жүрүп жаткан аймактарда алдыга жылып келген.
Вице-президент Москванын алгачкы позициясын билгенден кийин Вашингтондун реакциясы абдан таң калыштуу болгонун белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Жеймс Дэвид Вэнс АКШ Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө анын сунуштарына оң жооп албаса, ортомчулук кылуудан баш тарта турганын билдирген.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!