Zamanbap.NetЖаңылыктарСирия лидеринин Европага сапары. Эмне үчүн Франция аны жактырган жок?
Жаңылыктар

Сирия лидеринин Европага сапары. Эмне үчүн Франция аны жактырган жок?

  • 07-05-2025, 22:54
  • 360

     Бүгүн, 7-майда Сириянын жаңы убактылуу лидери Ахмед аш-Шара биринчи европалык сапарын Франциядан баштап, өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон менен эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө багытталган жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу France24 кабарлады.

Ахмед аш-Шараа Франциянын борбору Парижге барганы маалым болду. Макрон аны кучак жайып тосуп алып, экөөнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Бирок ал-Шаранын сапары француздардын басымдуу бөлүгүнө, өзгөчө оппозиция өкүлдөрүнө жаккан жок.

Улуттук биримдик партиясынын парламенттик тобунун лидери Марин Ле Пен өзүнүн X социалдык тармагына бул сапар “чагымчыл жана жоопкерчиликсиз” болгонун, “жихадчылар” менен жолугушуу өтө кооптуу экенин жазды.

«Шок жана коркунуч», — деп жазган Ле Пен.

Сапардын башка чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында француз лидери Ахмед аш-Шара менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Сирия лидерин Францияга чакырган. Интервьюда Макрон аль-Шаранын инаугурациясы менен куттуктап, Сириянын өткөөл мезгилинде аны толук колдой турганын билдирди.




Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!

zamanbap.net Негизги zamanbap.net Жаңылыктар zamanbap.net Байланыш zamanbap.net Телеграм