Zamanbap.NetЖаңылыктарПольшанын премьер-министри Эрдогандын белеги үчүн камакка алынышы мүмкүн
Жаңылыктар

Польшанын премьер-министри Эрдогандын белеги үчүн камакка алынышы мүмкүн

  • 07-05-2025, 22:20
  • 734

     Польшанын премьер-министри Дональд Туск катталбаган белек үчүн жоопко тартылып, 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Rzeczpospolita басылмасы билдирди.

Белек Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга таандык экени маалымдалды. Гезиттин маалыматына караганда, түрк лидери Тускка уникалдуу тарыхый эстеликти – Польшанын канцлери Анджей Зиелинскийдин 1745-жылы Осмон империясынын премьер-министрине жазган катын белек кылган.Белектин сүрөтүн Туск өзүнүн X социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.    Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, премьер-министр белекти алгандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен аны каттоого алышы керек болчу. Бул Түркиянын президенти тарабынан берилген каттын ишинде жасалган эмес. Кызмат адамы тарабынан баалуу белекти мамлекеттик реестрге каттатпаса Польшанын мыйзамдары боюнча үч жылга эркинен ажыратылат.

Өз кезегинде Польша өкмөтүнүн маалымат борбору ЖМКнын катталбаган белек тууралуу маалыматына жооп кылып, Туск алган эстелик “Тусктун өзүнө эмес, поляк элине белек болгонун” билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-майында Нидерландиянын Вагенинген шаарында өткөн эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөп жаткан учурда белгисиз адам Голландиянын премьер-министри Дик Шофф менен Польшанын премьер-министри Дональд Тускка түтүн граната ыргыткан.




Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!

zamanbap.net Негизги zamanbap.net Жаңылыктар zamanbap.net Байланыш zamanbap.net Телеграм