Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Орусияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Россиянын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 7-майдан 10-майга чейин Россияда расмий иш сапары менен болуп, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Маалым болгондой, сапардын жүрүшүндө тараптар ар тараптуу өнөктөштүктүн жана стратегиялык кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу пландалууда.
Эске салсак, буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 9-майда Москвага келүүдөн баш тартканын билдирген.Моди Орусиянын президенти Владимир Путиндин Экинчи дүйнөлүк согушта Германияны жеңгендигинин 80 жылдыгына арналган салтанатка катышууга чакырган чакырыгын кабыл алган эмес.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!