Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Казакстандын калкынын саны 20 миллион 333,5 миң адамга жетип, жыл башынан бери 0,25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика бюросуна таянуу менен “vlast.kz” билдирди.
Калктын эң ылдам өсүүсү мурдагыдай эле үч ири шаарда - Астанада (1,47%), Шымкентте (0,66%) жана Алматыда (0,6%) катталган. Ошондой эле Алматы облусунда жана Мангистов облусунда калктын өсүүсү республикалык орточо көрсөткүчтөн жогору болду.
Жалпысынан Казакстандын 20 облусунун 11инде калктын саны өскөн. Мында бул есуш Кызылорда, Батые Казакстан, Акмола, Туркестан облыстарында ете темен болды. Буга адаттагыдай эле миграция таасир эткен. Төрөттүн көрсөткүчү жогору болгону менен, эмиграциянын саны бул көрсөткүчтүн ордун дээрлик толтурат.
Миграция сальдосу 5 аймакта гана оң бойдон калууда - үч мегаполисте, ошондой эле Алматы жана Мангистов облустарында. Калган бардык аймактарда көчүп кеткендердин саны келгендердин санынан көп.
Тогуз аймакта калктын азайышы байкалган. Эң көп төмөндөө Абай облусунда (–0,23%), Жетисуу облусунда (–0,25%) жана Түндүк Казакстан облусунда (–0,43%) катталган. Шыгыс жэне Солтуст!к Казакстан облыстарында табиги темендеу байкалды, ягни каза тапкандар саны тугандардын санынан кеп болды.
Жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча шаарларда калктын саны 0,47%га өссө, айыл жеринде 0,13%га азайган. Ошол эле учурда Казакстандын калкынын 63,1% шаарларда, 36,9%ы айылдарда жашайт.
Белгилей кетсек, Казакстандын Улуттук статистикалык бюросу буга чейин өлкөдө эң көп жашаган үч улуттун катарына казактар, орустар жана өзбектер киргенин билдирген. Анда айтылгандай, казактар 14 миллион 456 миң 709, орустар 2 миллион 963 миң 938, өзбектер 678 миң 487.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!