Ирандын Исфахан шаарында жайгашкан пиротехникалык жана жардыргыч заттарды чыгарууга адистешкен компаниянын кампасында жарылуу болду. Бул тууралуу Iran International уюму билдирди.
Исфахан провинциясынын өзгөчө кырдаалдар департаменти "Avanar Parsian" компаниясынын фабрикасында жарылуу болгонун тастыктады. Анда бир адам каза болуп, бир нечеси жарадар болгону айтылган. Жардыруунун себеби ачыкталган жок.
Компания ракета жана динамит өндүрүү жана сатуу менен алектенген. Ошондой эле анын ишин өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши көзөмөлдөй турганы белгиленген.
Иран Интернешнлдеги булактардын маалыматына караганда, компания ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүчү ири Иран Aircraft Industries менен байланышы болушу мүмкүн.
Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейинки жардыруу ушул жылдын 26-апрелинде чак түштө Перс булуңунун жээгиндеги Бандар-Аббас портунда болгон. Бир нече контейнерлердин жарылышынын натыйжасында 40 адам каза болуп, 1000ден ашуун адам жаракат алган.
Айрым маалымат каражаттары жардыруу химиялык заттар менен ракетанын күйүүчү майына этиятсыз мамиле кылуудан улам болгонун жазышты. Бирок расмий Тегеран муну четке какты.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!