Индиянын башкаруусундагы Джамму жана Кашмир штатынын администрациясы 22-апрелдеги теракттан кийин аймактагы 48 туристтик объектилерди жабуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирди.
Табигый кооздугу менен белгилүү болгон Пахалгам районундагы теракттан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү маалымдалды. Расмийлер аймактагы 48 туристтик жайдын коопсуздук чараларынан улам жабыла турганын билдирди. Аймактагы аттракциондор канчага чейин жабылары тууралуу маалымат жок.
Айрым жергиликтүү тургундар кол салуу аймактын негизги киреше булагы болгон туризмге олуттуу зыян келтирет деп кооптонушууда.
Пахалгамдагы теракт
22-апрелде Индиянын Джамму жана Кашмир штатынын Пахалгам районунда куралчан адамдар туристтерге ок чыгарып, 26 киши каза болгон. Мындан тышкары, көптөгөн адамдар жабыркаган.
Кол салуудан кийин Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Сауд Арабиядагы расмий сапарын кыскартып, Нью-Делиге кайтып келди. Башкалаага келгенден кийин Моди кырдаалга баа берүү үчүн жогорку даражалуу аткаминерлер менен коопсуздук боюнча жыйын өткөрдү. Индия өкмөтү кол салууну Пакистандан келгендерди айыптады.
Индия Инд суулары келишимин токтотту, Нью-Делиде жайгашкан пакистандык кеңешчилерден бир жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү суранды жана пакистандык жарандарга берилген визаларды жокко чыгарды.
Пакистан өз кезегинде бул айыптоолорду четке кагып, Индиянын Исламабаддагы дипломатиялык кызматкерлеринин санын кыскартты.
Пакистандын екмету Индиянын Инд дарыясынын бассейниндеги дарыялардын агымын токтотууга же башка нукка бурууга жасаган ар кандай аракети согуш актысы катары карала тургандыгын билдирди. Өлкө ошондой эле Индия менен болгон бардык соодасын токтотуп, аба мейкиндигин жапты.
Пакистан өкмөтү да Индиянын жарандарына берилген бардык визалар токтотулганын жарыялады.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!