АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский Орусия аннексиялап алган Крымды берүүгө даяр экенине ишенерин билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 27-апрелде Fox News телеканалында билдирди.
"Ооба, мен ошондой деп ойлойм", - деди Ак үйдүн башчысы Зеленский жарым аралдан "багынууга" даярбы деген суроого.
Бул сөздөр Украина мамлекет башчысынын комментарийлерине түздөн-түз карама-каршы келет.
Белгилей кетсек, 26-апрелде Трамп Ватиканда Украинанын президенти менен жолугушкан. Эртеси Ватикандан кайтып келе жаткан Трамп Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинада “ок атууну” токтотуп, тынчтык келишимине кол коюшун кааларын билдирди.
"Мен келишим түзүүгө бизде шарттар бар деп эсептейм жана мен анын ага кол коюшун каалайм" дейт ал.
Трамп менен Зеленский 26-апрелде Ватиканда сүйлөшүү өткөрдү; саясатчылар ал жерге Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнатына келишкен. Бул Украина лидеринин 28-февралдагы сапары маалында Ак үйдө чыккан жаңжалдан кийин Украина менен АКШ президенттеринин биринчи жеке баарлашуусу болду.Бул жолу Трамп мурунку окуяны “кичинекей окуя” деп атады.
"Мен анын айткандарына макул болгон жокмун, камералар жыла баштады" деди америкалык лидер.
Жаңы жолугушуу болжол менен 15 мүнөткө созулду. Ак үй муну “натыйжалуу” деп сыпаттаса, Киев аны “өтө символикалык” деп мүнөздөдү.
Сүйлөшүүлөр алдында Трамптын Украинага карата аракеттерин сындагандардын жаңы толкуну пайда болду. АКШ президенти Зеленскийдин аннексияланган Крымды Орусия катары тааныгысы келбегени тууралуу терс пикирин айтты – ЖМКлардын маалыматына караганда, бул Трамптын командасы сүйлөшкөн тынчтык келишиминин пункттарынын бири болгон.
Бул талкуулардын фонунда 24-апрелде Орусия Киевге кезектеги ири чабуулун баштады. АКШ президенти болгон окуя тууралуу кескин айтты.
Зеленский менен Ватиканда жолуккандан кийин Трамп бир нече күн мурун Киевди дагы бир жолу бул үчүн айыптап, бирок Кремль тынчтык келишимине кол коюудан баш тартса, ага каршы санкцияларды салам деп коркуткан.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!