Zamanbap.NetЖаңылыктарБУУнун баш кеңсесинде Сириянын жаңы желеги көтөрүлдү
Жаңылыктар

БУУнун баш кеңсесинде Сириянын жаңы желеги көтөрүлдү

  • 27-04-2025, 00:16
  • 253

    Сириянын жашыл, ак жана кара түстөгү үч кызыл жылдызы бар жаңы желеги БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде расмий түрдө көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Салтанатка Сириянын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Асад Шибани катышты. Жаңы желек тарыхый маанидеги символ. Ал биринчи жолу 1930-жылдардын башында, Сирия менен Ливан Биринчи Дүйнөлүк Согуштан кийин Франциянын аймагы болуп турганда колдонулган. Бул желек 1946-жылы Сирия эгемендүүлүккө ээ болгондо кабыл алынган. 2011-жылдан бери бул желек сириялык оппозициялык күчтөр тарабынан активдүү колдонулуп келет.

Салтанаттын жүрүшүндө ондогон демонстранттар БУУнун баш кеңсесинин алдына чогулушту. Алар да Сириянын жаңы желектери менен чыгышты, Асад Шибанинин келиши жана желек көтөрүү аземи кубаныч менен тосуп алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин Сириянын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Асад Шибани Түштүк Корея менен дипломатиялык мамиле түзүү келишимине кол койгону маалымдалган.




Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!

zamanbap.net Негизги zamanbap.net Жаңылыктар zamanbap.net Байланыш zamanbap.net Телеграм