Zamanbap.NetЖаңылыктарКырдаал курчуп баратат. Индия Пакистан менен чек арасын жапты
Жаңылыктар

Кырдаал курчуп баратат. Индия Пакистан менен чек арасын жапты

  • 24-04-2025, 20:57
  • 912

 Индия Пакистан чек арасындагы Аттари интегралдык көзөмөл өткөрүү пунктун жапты. Мындай чечим Кашмирдин түштүгүндөгү теракттан кийин кабыл алынган. Бул тууралуу Индиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен Times of India басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, чек арадан уруксат кагазы менен өткөн пакистандык жарандар ушул жылдын 1-майына чейин ошол багыт менен кайтып келе алышат.

Индия менен Пакистандын ортосунда өтө аз расмий чек ара пункттары бар, алардын эң негизгиси Аттари.

Теракттан кийин Индия дагы бир нече катаал чараларды жарыялады:

1960-жылы кол коюлган Инд дарыясы боюнча келишим токтотулат. Бул келишим Пакистандын саясий жана аскердик кагылышууларга карабастан суу ресурстарына жетүүсүн кепилдеген. Эми Пакистан “эл аралык терроризмди колдобойм” деп бекем жана так билдирүү жасамайынча ал натыйжасыз деп эсептелет.

Түштүк Азия регионалдык кызматташтык ассоциациясынын (SAARC) алкагында Пакистан жарандары үчүн визасыз кирүү программасы токтотулду. Буга чейин берилген бардык SPES визалары жокко чыгарылды жана бул визалары бар Индиядагы пакистандык жарандар 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Делидеги Пакистандын Жогорку комиссиясынын аскердик, деңиз жана аба күчтөрүнүн кеңешчилери «персона нон грата» деп жарыяланды. Алар бир жуманын ичинде Индиядан чыгып кетиши керек.

Индия Исламабаддагы Жогорку комиссиясындагы аскерий, деңиз жана авиация кеңешчилерин чакыртып алат. Бул билдирүүлөр да жокко чыгарылат.

Ал арада Индиянын премьер-министри Нарендра Моди эки сааттан ашык созулган улуттук коопсуздук боюнча жыйын өткөрдү.

Тышкы иштер министри Викрам Мисри бул чаралар Кашмирдин түштүгүндөгү террордук чабуулга жооп катары көрүлгөнүн бышыктады.



#hashteglar:


Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!

zamanbap.net Негизги zamanbap.net Жаңылыктар zamanbap.net Байланыш zamanbap.net Телеграм