Украинанын президенти Владимир Зеленский аскердик абалды жана жалпы мобилизацияны узартты. Мамлекет башчы кол койгон мыйзам Жогорку Раданын сайтында жарыяланды.
Аскердик абал жана жалпы мобилизациялык режим 90 күнгө узартылып, бул мыйзам үстүбүздөгү жылдын 6-августуна чейин иштей турганы маалымдалган.
16-апрелде мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзамды Жогорку Рада колдогон. Ага 357 парламентарий добуш берсе, бир адам каршы болду.
Маалымат үчүн айта кетсек, Украинада согуштук аракеттер башталгандан бери аскердик абал киргизилген. Ал 15-ирет узартылып жатат. Аскердик абал учурунда Украинада президенттик жана Жогорку Раданы шайлоо өткөрүүгө болбойт.
Эске салсак, Украинанын президенти Владимир Зеленский акыркы жолу өлкөдөгү аскердик абалды жана мобилизацияны 2025-жылдын 8-февралынан 9-майына чейин узарткан мыйзамдарга кол койгон.
Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз:
Цитата, күндүн саны, кызыктуу үн билдирүүлөрү жана күндүн дайджести - биздин Telegram каналыбызда!